/en/tr_ky-basic-computer-skills/-virus/content/
Эгер сиз жаңы принтер орнотоюн деп жатсаңыз, бул жөнөкөй кадамдар сизге жардам берет.
Принтерди электр тогуна кошуңуз. Принтер иштеп жатканын көрүңүз.
Принтерге камтылган кабелди (адатта, USB кабелин) компьютерге туташтырыңыз. Эскертүү: Эгер зымсыз принтерди колдонуп жатасыз, анда иш башкача болот; биз кийинчерээк бул жөнүндө кененирээк сөз кылабыз.
Компьютериңизден принтер жөндөөлөрүнө барыңыз. Эгер сиз Windows коспьютерин колдонуп жатсаңыз, жөндөөлөрдү Башкаруу панелинен табасыздар Макинтошто колдонуп жатсаңыз, анда Система жөндөөлөрүнө кирип, таба аласыз.
Принтерди кошуу деген опцияны таап, инструкцияларды аткарышыңыз керек болот.
Азыр бир нерсени басып чыгарганга мезгил келди! Мисалы, сиз бул сыноо бетин басып чыгарсаңыз болот. Шилтемени чыкылдаткандан кийин,Файл- браузер менюсунан басуу, же жөн гана баскычтоптон Ctrl+P басыңыз (Mac иштесеңиз Command + P)
Диалог кутучасы пайда болот. Тизмеден жаңы принтерди тандап, андан кийин Басып чыгаруу баскычын чакылдатыңыз.
Бул нерсе басып чыгарылат. Эгер иштебесе, көп капаланбаңыз! Төмөнкү жалпы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун карап чыгыңыз:
Эгер дагы эле көйгөй чечилбесе, сиздин принтериңиз үйүн жардам маалымат издеп көрүүңүз мүмкүн. Биз төмөндө эң көп колдонулган принтер бренддеринин колдоо баракчаларынын тизмесин чогулттук:
Башкача кеңеш болуп, Google издөөгө көйгөйүңүздү жазуу болот. Принтердин атын жана модел номурун жазыңыз. Төмөндө мисалы, биз "Canon MX920 жооп бербей жатат" деп издеп жатабыз.
Зымсыз принтерлерди колдонуунун жөнөкөйлүүлүгү аларды акыркы мезгилде абдан популярдуу болушуна себеп болду. Принтерди зым аркылуу компьютерге туташтырбастан ноутбук, планшет, керек болсо смартфондон да басып чыгарууга мүмкүн.
Зымсыз принтерлерди туташтыруу салттуу USB принтерлеринен да оор болушу мүмкүн, ошондуктан биз принтериңиз менен келген нускаманы кылдаттык менен окуп чыгууңузду сунуштайбыз. Эгер дагы эле кыйналып жатсаңыз, жогорудагы сиздин гана принтердег тиешелүү көйгөй чечүү жолдорун карап чыгыңыз.
/en/tr_ky-basic-computer-skills/-power-cycle/content/