Компьютер негиздери: Ноутбук компьютер деген эмне? (Laptop)
5c337d92ff2bfb109854fb1a5c339ec4ff2bfb109854fb20
Lesson 6: Ноутбук компьютер деген эмне? (Laptop)
/en/tr_ky-computer-basics/-inside/content/
Ноутбук компьютер деген эмне?
Ноутбук- бул ар кандай жерге көчүп, иштегенге ыңгайлашытырлган жеке компьютер. Көпчүлүк ноутбуктар иш-такта компьютерлеринин бардык функционалына ээ, бирдей программаларды жана файлдарды ача алышат. Бирок, ноутбуктар иш-такта компьютерине салыштырмалуу кымбатыраак болот.
Ноутбук компьютерлери жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүздөр.
Иш-такта компьютеринен ноутбук эмне менен айырмаланат?
Ноутбуктар мобилдүүлүк үчүн жасалгандыктан иш-такта компьютеринен маанилүү өзгөчөлүктөрү бар. Ноутбукта бардыгы камтылган, мисалы монитор, баскычтоп, тийме тактасы (чычкан ордуна) жана динамиктер. Бул эч кандай кошумча тетиктери жок эле функионалдуу. Ноутбукту орнотуу жеңил, жана кабелдер да аз.
Ошондой эле чычканды, чоң мониторду жана башка жабдууларды байланыштыра аласыз. Бул, негизинен, сиздин ноутбукту иш-такта компьютерине бир гана айырмачылык менен айланта алат: сиз жабдууларды сууруп таштап, ноутбукту каалаган жерге ала барсаңыз болот.
Бул жерде ноутбуктун негизги айырмачылыктары.
Тийме тактасы: Тийме такта -бул тийүүгө сезимтал такта, ал курсорду манжаңыздын кыймылы менен башкарат.
Батарея: Ар бир ноутбук батарея менен камсыздалган, токко сайылбай турганда ноутбукту колдонууга шарт түзөт. Сиз ноутбукту токко сайган учурда, батарея кубаттандырылат. Батареянын бар болгону капысынан электр энергиясы өчүп калса да электр энергия менен ноутбукту камсыздайт.
AC адаптер: Ноутбуктарда адатта, ар бир ноутбук үчүн жасалган өзгөчө AC адаптери болот.
Порттор: Иш-такта компьютерлеринде бар порттор ноутбуктарда да бар (мисалы USB), адатта, мейкиндикти сактап калуу үчүн порттордун саны аз. Бирок, кээ бир порттору ар түрдүү болушу мүмкүн, жана аларды колдонуу үчүн адаптерлер керек болушу мүмкүн.
Баасы: Жалпысынан айтканда ноутбуктар, иш-такта компьютерлерине караганда кымбатыраак, экөөнүн ички компоненттери бирдей болсо дагы. Эгер кээ бир ноутбуктар иш-такта компьютеринен арзан болсо, адатта алар күчтүү эмес машиналар.