Алдын ала бардык уяча мазмуну бирдей форматтоону колдонот, ошондуктан көп маалыматы бар иш китепти окуш оор болуп калат. Жөнөкөй форматоо менен иш-китебиңизди иреттеп аласыз, ошондо мазмунy окуу жана түшүнүү жеңил болуп калат.
Excel уячаларын форматтоо жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.
Арип көлөмүн өзгөртүү үчүн:
Сиз каалаган уячаны тандаңыз.
Башкы өтмөктөн, жайылма жебени чыкылдатып, анан каалаган ариптин көлөмүн тандаңыз. Биздин мисалда, биз текст чоңураак көрүнүшү үчүн 24 тандап алабыз.
Тексттин өлчөмү өзгөрөт.
Ошондой эле Арип өлчөмүн чоңойтуу же кичирейтүү буйруктарын колдонуп же баскычтоптон каалаган өлчөмүн киргизсеңиз болот.
Арипти өзгөртүү үчүн:
Алдын ала, ар бир жаңы иш-китебинде Calibri ариби орнотулат. Бирок, Excel башка көптгөн ариптерди колдонууга шарт түзөт. Төмөндөгү мисалда биз теманын арибин форматтайбыз. Ал башка тексттен бөлүнүп туруусу керек.
Сиз өзгөртүүнү каалаган уячаны тандаңыз.
Башкы өтмөктөн ылдый түшкөн жебени чыкылдатып, каалаган арипти тандаңыз. Биздин мисалда, биз Century Cothic арибин тандап алабыз.
Текст тандалган арипке өзгөрөт.
Иш-китебин түзүүдө, аны жеңил окугандай арип тандашыңыз керек. Calibri менен бирге, стандарттуу ариптер: Cambria, Times New Roman, жана Arial
Арип түсүн өзгөртүү үчүн:
Сиз өзгөртүүнү каалган уячаны тандаңыз.
Башкы өтмөктөн ылдый түшкөн жебени басып, анан каалаган түстү тандаңыз. Биздин мисалда, биз жашыл түстү тандап алабыз.
Текст тандалган тексттин түсүнө өзгөрөт.
Кошумча түс параметрлерине мүмкүнчүлүк алуу үчүн менюнун ылдый жагынан Көбүрөөк Түстөрдү Тандаңыз. Арип түсүн биз жаркын кызгылт түсүнө өзгөртүп койдук.
Кара, Курсив жана асты чийилген арипти колдонуу үчүн:
Сиз өзгөртүүнү каалаган уячаны тандаңыз.
Караны (B), Курсивди (), же Асты чийилген(U арип буйруктарын Башкы өтмөктөн чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз тандаган уячаларды кара арип кылабыз.
Тандалган стиль текстте колдонулат.
Ошондой эле, сиз баскычтоптон Ctrl + B (Кара арип), Ctrl + I (Курсив) Ctrl + U (Асты чийилген арип) баса аласыз.
Уяча чектери жана түстөр менен толтуруу
Уяча чектери жана түстөр менен толтуруу аркылуу иш-китепте сиз чеги бар секцияларды жасай аласыз. Төмөндө биз уячаларга чек кошуп, жогорку уячаларды башка түс менен толтурабыз.
Түс менен толтуруу үчүн:
Сиз каалаган уячаны тандаңыз.
Башкы өтмөктөгү ылдый түшкөн жебени басыңыз, анан каалаган түсүңүздү тандаңыз. Биздин мисалда, биз кочкул боз түсүн тандап алабыз.
Тандалган толтуруу түсү тандалган уячаларды пайда болот. Биз, ошондой эле, бул караңгы толтуруу түсүндө жакшы көрүнүшү үчүн ариптин түсүн ак кылып коёбуз.
Чек кошуу үчүн:
Сиз каалаган уячаларды тандаңыз.
Башкы өтмөктөн ылдый түшкөн жебени чыкылдатып, сиз каалаган чек стилин тандаңыз. Биздин мисалда, биз бардык чектерди белгилөөнү тандап алабыз.
Тандалган чек стили пайда болот.
Сиз чектерди түзүп жана сызык стилин жана чек түстөрүн Draw Borders куралдары менен өзгөртө аласыз.
Уяча стилдери
Кол менен уячаларды форматоонун ордуна, сиз Excel'дин алдын ала дизайндалган стилдерин колдоно аласыз. Уяча стилдери аркылуу иш-китептин каалаган жерине профессионалдуу жасалган форматтоолорду кошууга болот.
Уяча стилин колдонуу үчүн:
Биздин мисалда, биз азыр бар аталыш жана жогорку колонтитул уячаларына жаңы уяча стилин колдонуп көрөбүз.
Сиз каалаган уячаларды тандаңыз.
Башкы өтмөктөн Уяча Стилдери менюсун чыкылдатып, ылдый түшкөн менюдан каалган стилди тандап алыңыз.
Тандалган уяча стили пайда болот.
Уяча стилин колдонуу менен азыр бар уяча форматын өчүрүп салууга болот. Мурунтан эле иш-китебиңизде көп форматтоону колдонсоңуз, анда уяча стилдерин колдонбогонуңуз жакшы.
Текстти тегиздөө
Алдын ала, иш-китебиңиздеги текст уячанын сол жагына, ал эми сандар оң жагына жайгашат. Уячадагы текстти тегиздөө менен уячада мазмун кандай көрүнөөрүн, жана анын окулушу кандай болоорун көрсө болот.
Төмөнкү слайд-шодагы жебелерди чыкылдатып, текстти тегиздөө тууралуу көбүрөөк билиңиз.
Сол жагына тегиздөө: Уячанын сол чегине мазмун жайгашат.
Борборго тегиздөө: уячанын мазмуну уячанын сол жана оң чегинен бирдей аралыкта турат.
Оң жакка тегиздөө: Мазмуну уячанын оң жагына тегиздейт.
Жогору жагына тегиздөө: Уячанын жогорку чегин көздөй тегиздейт.
Уячанын жарымына тегиздөө: Мазмун уячанын жогорку жана төмөнкү чегинен бирдей аралыкта турат.
Уячанын төмөн жагына тегиздөө: Мазмунду уячанын төмөн жагына тегиздейт.
Туурасынан жайгашкан текстти өзгөртүү үчүн:
Төмөндө биздин мисалда, биз аталыш уячасынын текстин тегиздеп, аны жакышртып жана иш-кагазда көрүнүп тургудай кылып оңдойбуз.
Сиз каалаган уячаны тандаңыз.
Башкы өтмөктөгү тегиздөө буйруктарынын бирин тандаңыз. Биздин мисалда, биз борборго тегиздөөнү тандап алабыз.
Текст борборго жылат.
Тик текст тегиздөөсүн өзгөртүү үчүн:
Сиз каалагануячаларды тандаңыз.
Башкы өтмөктөн тигинен тегиздөө буйруктарынын бирин тандаңыз. Биздин мисалда, биз Ортосунан тегиздөөнү тандап алабыз.
Текст уячанын ортосунан тегизделет.
Сиз ар бир уячага тик жана түз тегиздөөлөрдү колдоно аласыз.